КАНЧЫК
Толковый словарь кыргызского языка. 20151. Иттин, карышкырдын ошондой эле ит тукумдарына кирүүчү айбандардын ургаачысы. Көк дөбөт менен сур канчык үрүп, буларды көздөй чуркашты (Баялинов). Куу канчык тумшугун көтөрүп, улуп-уңшуп коёт («Ала-Тоо»). Канчык карышкыр тарс эткен сайын качууга аракет кылды (Жантөшев). 2. өт. Аял кишини тилдөө, жемелөө учурунда колдонулат.